Үй баракчасы - Китептер - Түбөлүктүүлүк менен жетектелгендер

Түбөлүктүүлүк менен жетектелгендер
Окутуучу: Джон Бивер

Бул жер жүзүндөгү өмүр – болгону эле буу сыяктуу, бирок биздин көпчүлүгүбүз эле андан ары эч нерсе жоктой болуп жашайбыз. Бирок, бул өмүрдө биздин кантип жашаганыбыз, түбөлүктүүлүктү кантип өткөрөөрүбүздү аныктайт. Кудайдын Сөзү бизге адамдардын бардык жетишкендиктери анын көз алдында күйүп кеткенден баштап, Машайактын падышачылыгы менен аяктаганга чейин ишенгендер ар кандай деңгээлдеги сыйлыктарды алаары тууралуу айтат.

2 Кор. 5:9-11 де айтылган принциптерге таянып, Джон Бивер бизге бардык эле ишенгендер бул өмүрдө эмнеге татыктуу болушса, ошону алуу үчүн Машайактын алдына келери тууралуу эскертет. Көпчүлүгү биздин көптөгөн убактыбыз түбөлүк сыйлыкка ээ болбогон нерселерге корогондугун билип дал болушат.

Ошентип, биз өз жашообузду кантип маанилүү кыла алабыз? Түбөлүктүүлүк менен жетектелгендер деген китепте силерди Кудай эмне максат менен чакырып алгандыгын жана Кудай силерге берген нерсени кантип көбөйтүү керектигин үйрөнөсүңөр. Жашоого түбөлүктүүлүктүн перспективасы аркылуу кароо менен, силер азыркы болуп турган нерсенин үстүнөн эмгектенүү үчүн күч аласыңар.

Жүктөө (~2.09 MB)

бөлүшүү