Азыркы тил: ky Кыргыз

Тил

Үй баракчасы - Биз жөнүндө

Cloud Library жөнүндө

“Messenger International” кызматы бул маалыматтарды кайтаруучуларга жана лидерлерге алардын кайсы жерде тургандыгы жана каржы маселеси кандай экендигине карабастан жеткиргиси келет. Cloud Library так ушул максатта түзүлгөн. Ал ар кандай тилдерге которулган маалымат булактарын бекер таратууга мүмкүнчүлүк бере турган эл аралык желеге ээ.

Биздин максат – бул каражаттардын дүйнөдөгү кеңири жайылтылган бардык тилдерге кеңири жайылышы, аны менен Жерде жашаган калктын 98%ын камтуу. Cloud Library – ушул максатка жетүүнүн бир жолу. Силер эмне үчүн деп сурарсыңар? Анткени виртуалдык каражаттар физикалык каражаттарга караганда бир топ тезирээк тарайт. Силерге Интернеттин ушул мүмкүнчүлүгүн колдонуу жагат деген ишенимдебиз.

Түзүүчүлөрдөн

Ыйса бизге Жакшы Кабарды жөн гана айтып койгула деген эмес, шакирттерди даярдагыла деп да айткан. Бул каттар силерге Ыйса Машайактын шакирттери болууга жардам берет. Биз силердин өсүшүңөргө салым кошкубуз келет, анткени Кудайдын ырайымынын жардамы менен өзүңөрдө да кайра жаралуу таасириңерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Кудай ар бирибизге улуулукту салып койгон, Ал бизди дагы да жакыныраак билгиси келет. Бул каражаттар силерге жекече өз ара мамиледе болууңарга жардам берет. Силердин өсүшүңөргө жараша Анын Сөзүнүн күчү менен кайра жараласыңар.

Кудай силерди так силердин жөндөмдүүлүгүңөр менен таасириңер ылайык келе тургандай керемет максатта жараткан. Кудай силерге даярдап койгондордун толуктуктугун издеп тапкыла деп шыктандырабыз жана ушул каражаттар силердин жолуңарда жана жетишкендиктериңерде натыйжалуу куралдардан болсун деп сыйынабыз.

Силерге батабызды беребиз

силердин Джон жана Лиза Бивер

Биздин көз караштарыбызды колдогула

Адамдардын бүткүл дүйнө жүзү боюнча жашоосун өзгөртүүгө жөндөмдүу болгон каражаттардын тараганын көрүүгө жүрөгүңөр толкундадыбы? Эгерде силер CloudLibrary.org,кызматын колдогуңар келсе, бизге getinvolved@cloudlibrary.org. Почтасына жазгыла. Силердин колдогонуңар жана сыйынууңар үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз.